Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

«Каркыра» өткөрмө пунктун жабуу жөнүндө сунуш киргизилди


Каркыра жайлоосу.
Каркыра жайлоосу.

Ысык-Көлдө «Каркыра» текшерип өткөрүү пунктун жабуу жөнүндө сунуш Мамлекеттик чек ара кызматына жиберилди. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев мындай чечим Каркырада жааган калың кардан улам кабыл алынганын билдирди:

«Облустун ыкчам штабы бүгүнкү отурумунда «Каркыра» текшерип өткөрүү пунктун убактылуу жабууну чечип, сунушту Мамлекеттик чек ара кызматына жиберди. Түндө Түп районунун Каркыра өрөөнүндө 15 см кем эмес кар жааган. Ушундан улам автоунаалардын каттамына тоскоолдуктар жаралып калышы мүмкүн».

2020-жылга чейин казак-кыргыз чегиндеги бул текшерип өткөрүү пункту жайкы эс алуу мезгилинде гана иштеп келген.

Ушул жылдан бери ал күнүгө таңкы 08:00 баштап 18:00 чейин кызмат кылат. (KS)

XS
SM
MD
LG