Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Жалал-Абадда күндүзгү стационарларды кайра ачуу каралууда


Жалал-Абадда кошумча ачылган оорукана.
Жалал-Абадда кошумча ачылган оорукана.

Жалал-Абад облусунда ден соолукту калыбына келтирүүч «Бакыт» борборунда 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ишке кирет. Даярдык иштери аягына чыгайын деп калды.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов аталган борбордогу даярдык жана анда түзүлүп жаткан шарттар менен таанышты. Коронавируска кабылгандар облуста күн сайын көбөйүп жаткандыктан, орундардын жетишсиздик маселесинин алдын алыш үчүн жугуштуу оорулар бөлүмү даярдалып баштаган.

Эскирген шарты жок имаратты калыбына келтирүүгө өкүлдүн резервдик фондунан 650 миң сом бөлүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Өкмөт тарабынан камсыздалган бир миллион сомдон ашуун каражатка медициналык жана ички жабдыктар сатылып алынган.

Өткөн сутка ичинде облус боюнча 44 жаран коронавирус жугузуп ооруканага түшкөн. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 300дөн ашуун адам бул вирустан дарыланууда.

Акыркы күндөрдө облустук клиникалык жана Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү бейтаптарга дээрлик толду. Андыктан жарандардын өмүрүн сактоодо күндүзгү стационардын ишин жандантуу зарылдыгы жаралууда. (TB)

XS
SM
MD
LG