Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалды


Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында тарапкерлери менен митингде. 9-октябрь, 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында тарапкерлери менен митингде. 9-октябрь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-октябрь күнү Кой-Таштагы үйүндө кармалды. Аны менен кошо жансакчылары Канат Сагынбаев менен Дамир Мусакеев да кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, алар 9-октябрда Бишкектеги "массалык башаламандыкты уюштуруу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышты. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды иликтеп-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган. Аларга Садыр Жапаровдун тарапкерлери Өкмөт үйү тараптан келип, таш, бөтөлкө ыргыткан. Курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, Сапар Исаковдун, Өмүрбек Бабановдун автоунаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары бул аларды каралоо үчүн жасалган чагым экенин билдиришкен.

Аянттагы кагылыштан беш адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул фактылар боюнча “Массалык башаламандык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, бирдиктүү реестрге катталганын маалымдаган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG