Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Коронавирустан соңку үч күндө 12 адам өлдү


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 10-октябрга карата үч сутканын ичинде коронавирус 12 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын дарыгерлеринин айтымында медициналык уюмга күн сайын клиникалык жактан тастыкталган 10-12 бейтап кайрылууда. Учурда медициналык уюмда 69 адам дарыланып жатат. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, оор абалда экенин дарыгерлер билдиришти.

Жарандар өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына болгон жоопкерчиликти унутуп коюшту. Акыркы эки аптада бизге келип түшкөн бейтаптар көбөйдү. Мындан улам элге кайрылам. Беткап тагынгыла, социалдык аралыкты сактагыла, колду үзгүлтүксүз самындап жууп, антисептик менен тазалоону унутпагыла. Азыр респиратордук жугуштуу оорулар, сасык тумоо күчөдү. Бул ооруларды алдын алуу - маанилүү”, - дейт Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын дарыгери Эркин Бакиев.

Бул оорукананы жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгер Надыр Жообаевдин айтымында бейтапканада дары-дармек, медициналык жабдуулар менен жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактагысы келбегендер биринчи кезекте үйүндөгү балдарынын, ата-энесин ойлошу шарт. Жоопкерчиликти терең сезип, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга милдеттүү. Ушул жол менен гана COVID-19 илдетинин мындан ары жайылышына бөгөт коё алабыз”, - деди ал.

Кыргызстан боюнча 48 924 адам коронавируска кабылып, 44 227 киши оорудан сакайды. 1082 адам илдеттен дүйнө салды. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG