Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Исаев: Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кворум болгон жок (видео)


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болгон жок деп эсептейт. Бул тууралуу депутат Исаев 11-октябрда «Азаттык» менен болгон маегинде айтты. Ал регламент боюнча жыйында кеминде 61 депутат болушу зарыл экенин, жыйынга анча депутат катышпаганын, андыктан «Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы күмөн жаратарын» белгиледи.

«Жогорку Кеңештин жыйыны кворумсуз өткөрүлдү. Демек, кворум болбогондуктан жыйын мыйзамдуу күчкө ээ эмес», - деди Исаев.

Ал ошондой эле ишеним каттарга байланыштуу да суроолор бар экенин, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына «Кыргызстан» фракциясынан 10дон ашуун депутат катышпаганын, өзү да эч кимге ишеним кат бербегенин кошумчалады.

Исаев: Парламент жыйыны мыйзамсыз өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:00 0:00

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы бекитилген. Бул жыйынга мыйзам талап кылгандай 120 депутаттын жарымынан көбү катышканы расмий түрдө жарыяланган.

Бирок парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева баштаган айрым депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты.

10-октябрда Садыр Жапаров кезексиз жыйындан кийин уюштурган басма сөз жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган.

«Мекенчил» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Касымалиеванын акыркы билдирүүсүн негизсиз деп мүнөздөп, Жапаровду кызматка бекитүүдө мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG