Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөр миллиондон ашты


Иранда тартылган сүрөт.
Иранда тартылган сүрөт.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 12-октябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирустан өлгөндөрдүн саны бир миллион 75 миң кишиден ашты.

188 мамлекетке тараган илдет жалпысынан 37 миллион 380 миңдей адамга жугуп, алардын 26 миллионго жакыны айыкты.

COVID-19 вирусунун жайылышы боюнча дүйнөдө биринчи сапта турган АКШда жети миллион 761 миңден ашуун киши ооруга чалдыккан. Индияда сегиз миллион 54 миңдей адам жуктуруп алган. Бразилияда беш миллион 83 миңдей киши, Орусияда бир миллион 291 миңден ашуун адам коронавируска кабылды.

Вирус кайра күчөп жаткандыктан Европа баштаган бир катар чөлкөмдөрдө карантин чаралары кайра киргизилүүдө. Ирандын бийлиги да 11-октябрдан тартып баш калаа Тегерандын тургундарын беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди.

Кыргызстанда октябрдын башынан бери илдет жуккандар кайра көбөйүүдө. 11-октябрда бир күндө 306 кишиден бул илдет аныкталды. Пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери аны жугузуп алгандардын расмий эсеби 49 230 адамга жетти. Анын 44 395и сакайганы айтылды. Оорудан 1085 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG