Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

«Жарандык тилектештик» эл аралык уюму Кыргызстандагы кризиске байланыштуу кайрылуу таратты


Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.

Бир катар өлкөлөрдүн жарандык коом өкүлдөрүнөн турган «Жарандык тилектештик» платформасы Кыргызстандын коомдук-саясий абалына байланыштуу кайрылуу таратты. Анда платформага кирген уюмдар Кыргызстандагы жарандык коомдун өлкөдө туруктуулук орнотуу аракетин колдоого алары тууралуу жазылган.

Ошондой эле кыргыз бийлигин, бийликке умтулган саясий партиялардын, саясий күчтөрдүн лидерлерин зомбулуктан алыс болууга, маселени тынч сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган.

«Бийлик мыйзамдар жана Конституция талап кылгандай гана алмашууга тийиш. Жаңы ачык, эркин парламенттик шайлоо өтүшү керек. Саясий кризис учурундагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин корголушу, жарандардын тынч пикет-митинг өткөрүү, эркин чогулуу, кыйноого жана ырайымсыздыктарга кабылбоо, жеке жашоо укугу сакталышы зарыл», деп белгилешет кайрылуу ээлери.

Мындан тышкары анда жарандык жана эл аралык уюмдар менен кризисти чечүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, коомдо чыңалууну күчөтпөй, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаал калыбына келген соң, 4-октябрдагы шайлоодо катталаган мыйзам бузулган учурларды кылдат иликтөө талап кылынган. «Жарандык тилектештик» платформасы эл аралык өнөктөштөргө да кайрылып, Кыргызстандагы кырдаалды тынч жөнгө салууга көмөктөшүүгө чакырган.

Кайрылууга 30дан ашуун эл аралык жарандык уюмдар кол койгон. Алардын ичинде «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук фонду да бар.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам алкагына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис өкүм сүрүп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда легитимдүү орган болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган. Бир катар депутаттар, саясатчылар бул жыйындын чечимдери легитимсиз деп баалап, парламенттик жыйынды кайра чакыруу боюнча демилге көтөрүп жатышат.

Садыр Жапаров кезексиз жыйындан кийин уюштурган басма сөз жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган. Жарандык активист Мелис Аспеков «Кворум болгонун Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду» деп билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG