Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Британия Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун аракетин колдойт


Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштурган митинг. Эски аянт. Бишкек шаары. 14-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштурган митинг. Эски аянт. Бишкек шаары. 14-октябрь, 2020-жыл.

Британ өкмөтү бүгүн, 14-октябрь күнү Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал боюнча билдирүү жасады.

«Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдоо жана мыйзамдуулук - эки тараптуу кызматташуунун негизи. Көптөгөн жылдардан бери Кыргызстан активдүү жарандык коому, демократиялык шайлоолору жана сөз эркиндиги менен аймакта өзгөчөлөнүп келген. Ага карабай, 4-октябрдагы шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнү нааразылык менен коштолду. Шайлоо жыйынтыгына нааразылыктын курчушу Кыргызстанда мыйзамды сактоо зарылчылыгын көрсөттү», - деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары британ өкмөтү президент Сооронбай Жээнбековдун, легитимдүү бийликтин жана жарандык коомдун кырдаалды демократиялык жол менен чечүү аракетин колдой турганын, бул алга жылуунун бекем пайдубалы болорун белгилеген.

Ошондой эле шайлоо жараяндары боюнча чечим да Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык жүргүзүлүшү керек экени жазылган. Британ өкмөтү Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын тынч жол менен чечилиши тууралуу БУУнун баш катчысынын билдирүүсүн кубаттап, бийликтин маселе чечүүдө БУУнун жана ЕККУнун эксперттери менен кызматташуусун колдоого аларын билдирген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдин арты башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары түрмөдөн чыгарып алган.

13-октябрда легитимдүү орган болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, парламенттин төрагалыгына Канатбек Исаевди шайлашты. 14-октябрда президент Жээнбеков жарлык чыгарып, өкмөт башчыны, өкмөттүн курамын жана түзүмүн бекитти.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам нугуна түшүрүү боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис келип чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

Буга чейин Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга кабатыр экенин БУУ, Евробиримдик, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG