Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:22

Министр Казакбаев Орусиянын, Казакстандын Кыргызстандагы элчилерин кабыл алды


Руслан Казакбаев, Кыргызстандын тышкы иштер министри.

Жаңы дайындалган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилери Николай Удовиченкону жана Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайты жазды. Андагы маалыматка караганда жолугушууда эки өлкөнүн элчилери Руслан Казакбаевди Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттукташты.

Министр Казакбаев элчилер менен жолугушууда Кыргызстандагы кырдаал акырындап турукташып, мыйзам жолуна түшүп келе жатканын айтты. Министр өлкөнүн аткаруу бийлиги толугу менен түзүлүп, ишке киришкенин, анын ичинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүү менен учурда пандемияга каршы чараларды күчөтүп жатканын баса белгиледи. Стратегиялык өнөктөштүк мамилелер өнүгүп, бекемделерине ишенимин билдирди.

Орусиянын элчиси менен жолугушууда министр Орусия өкмөтүнө Кыргызстандын элин колдоого алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эриш-аркак жылынын алкагында болжолдонгон иш-чараларды өткөрүү, стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык багытында сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирди.

Казакстандын элчиси менен жолугушууда министр чет өлкөлүк, анын ичинде казакстандык инвестициялардын коопсуздугун Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык камсыздоо жагынан чара көрүлгөнүн баса билдирди. Ал бир тууган эки өлкөнүн кызматташтыгы бекемделип, өркүндөй тургандыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамында тышкы иштер министри болуп 14-октябрда дайындалды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. 6-октябрга караган түнкү тополоңдо жактоочулары түрмөдөн бошоткон Садыр Жапаров жетектеген өкмөттү Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү жолку 14-октябрдагы жыйынында бекитип, ушул эле күнү президент жарлыкка кол койгон.

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин талабы менен президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев отставкага кеткендиги тууралуу арыз жазганы кабарланды. Буга чейин Орусия Кыргызстанга финансылык колдоосун убактылуу токтоткону тууралуу маалымат тараган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG