Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Түркмөнстандагы аялдар түрмөсүндө коронавирус жайылып жатканы кабарланууда


Ашгабаддын көчөсү. Иллюстрациялык сүрөт.
Ашгабаддын көчөсү. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Дашөгүз облусундагы аялдар абагында COVID-19дун белгилери бар оору жайылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалымат булагынын айтымында, абактын аймагында атайын «карантиндик блок» түзүлүп, ал жерге камактагы 200дөн ашык аял жаткырылган, айрымдарынын абалы оор деп бааланууда.

«Мындай абал сентябрдын башында болуп, бирок түрмө жетекчилиги аны жашырып коюуга аракет кылган. Бирок өткөн жумада бул маалымат Ашхабаддагы бийликке жетип, түзөтүү абагына рентген аппараты жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында жүздөгөн аялдардын өпкөсү инфекциядан жабыркаганы белгилүү болду», - деди ал.

Бул боюнча сөз болуп жаткан түрмөнүн жетекчилигинен комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Ал ортодо бул түрмөдө жакындары отурган жарандар камактагы үч аял каза болгонун ырасташты. Алардын айтымында, аялдардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө берилген жок.

Акыркы кезде «Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкөдө ооруканалар толуп калганын, маркумдардын сөөгү хлорго чыланган чүпүрөктөргө оролуп жерге берилип жатканын, көрүстөндөрдө жаңы жайлар көбөйгөнүн кабарлоодо. Бирок Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуккан бир да учур каттала элек экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG