Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Кен иштеткен чет элдик ишканалардын өкүлдөрү бийлик менен жолугушту


Жер үй алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Жер үй алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кен иштеткен чет элдик ишканалардын өкүлдөрү менен бийлик өкүлдөрү жолугушту. Жолугушуу 18-октябрь күнү Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев жана эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун демилгеси менен өттү. Жолугушууга «Вертекс», «Жамгыр», «Каз минералс Бозымчак», «Чаарат», «Эти Бакыр», «Шамбесай» жана башка кен иштеткен компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Мамлекет тарабынан Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы А. Исакулов менен “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Айтмамат Назаров, Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин башчысы Эрмек Өмүралиев да катышты.

Жолугушууда мамлекеттик кызматкерлер өлкөдө кырдаал турукташып калганын жана аткаруу бийлиги толугу менен куралганын маалымдашты. Ал эми кен иштетүүчү ишканалар өз көйгөйлөрүн ортого салышты.

Өкмөт өкүлдөрү чет элдик инвесторлорго, жалпы эле ишкер чөйрөгө жардам колун аябастыгын айтышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Экономикалык дипломатия департаментинин башчысы Эрмек Өмүралиев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу аракети, бизнести жана чет элдик инвесторлорду коргоо боюнча ыкчам штаб түзүү демилеси тууралуу маалымдап, тоо кен ишканаларынын ишин тезинен жандантуу боюнча чукул көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун аягында тараптар бул жаатта бир катар сунуштарды түзүп, аны өкмөттүн жана бизнес коомчулуктун кароосуна берүү чечимин кабыл алышты.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга кол салынып, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Чаткалдагы Терек-Сай алтын кени 6-октябрдан тартып ишин токтотту. Ишкананын жетекчилигине жергиликтүү элдин бир тобу барып, азыркы кырдаал жөнгө салынгыча кен казууну токтотууну талап кылган, ишкерлер ага макул болду. Терек-Сай алтын кенине түркиялык «Eti bakir» компаниясы 180 миллион доллар инвестиция салып, пайдубалы түптөлгөн.

Ала-Букадагы «Full Gold Mining» алтын компаниясы да 6-октябрда ишин убактылуу токтоткон. Иштамберди алтын кенине кытайлык «Full Gold Mining» компаниясы жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.

“Эрнст энд Янг” консалтинг компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы салыктын жүгү 17,9% түзөт.

2018-жылы тоо-кен тармагындагы ишканалар 10 млрд. 700 млн. сом, 2017-жылы 9 млрд. 800 млн. сом, 2016-жылы 8 млрд. 600 млн. сом салык төлөшкөн. Тармакта 17 миң киши иш менен камсыз болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG