Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Прагада карантиндик чектөөлөргө каршы митингдин катышуучулары полиция менен кагылышты


Прагадагы нааразылык акциясы. 18-октябрь, 2020-жыл.
Прагадагы нааразылык акциясы. 18-октябрь, 2020-жыл.

18-октябрда Чехиянын баш калаасында футбол жана хоккей күйөрмандары коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөргө каршы митингге чыгышты. Шаардын борборундагы Старомест аянтына чогулган эки миңдей адам чех өкмөтү киргизген чектөөлөргө нааразылыгын билдиришти. Тагыраагы алар кесипкөй спортко жол ачууну талап кылышты.

COVID-19 инфекциясынан улам Чехияда карантиндик чектөөлөр күч алып, футбол жана хоккей матчтары токтотулган. Кафе-бар, ресторандар, маданий мекемелер жана мектептер иштебейт. Соода түйүндөрү менен дүкөндөрдүн ишине уруксат бар, адамдар ары-бери эркин жүрө алышат.

Митингдеги адамдардын саны уруксат берилген чектен ашып баратканда полиция аларга тароого буйрук берди, бирок ошол эле учурда күч колдонулбай турганын эскертти. Бирок акциянын аягында айрым катышуучулар полициянын бөгөтүн бузууга аракет кылышты. Алар полицияга петарда, таш жана башка оор буюмдарды ыргытышты. Полиция суу бүрккүч техника жана желим союл колдонду. Ондогон адамдар кармалды, жабыркагандар бар.

Көчө зомбулугун премьер-министр да, оппозициялык саясатчылар да сынга алышты.

Чехияда сентябрь айынан тартып коронавирус жуккан адамдар кескин көбөйө баштаган. Акыркы убактарда күн сайын 10 миңдей адам вирус жугузуп алганы тастыкталууда. Бул жалпы элдин 0,1% барабар.

Чехиянын бийлиги оору жайылып кетпеши үчүн карантиндик чектөөлөрдү киргизген.

XS
SM
MD
LG