Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

«Эркин-Тоо» гезитине Бахпурбек Аленов редактор болуп дайындалды


Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун 19-октябрдагы буйругу менен Бахпурбек Аленов «Эркин-Тоо» басылмасынын башкы редактору болуп дайындалды. Премьер-министрдин башка буйругу менен гезиттин мурунку башкы редактору Дыйканбек Керимбаев кызматынан бошотулду.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингдеринен кийин Кыргызстанда бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматын тапшырып, анын ордуна 6-октябрда митингчилер түрмөдөн бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жатат.

Садыр Жапаров 14-октябрда президенттин жарлыгы менен өкмөт башчы болуп дайындалган. Бир күн мурун Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.

Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча мамлекет башчы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсе, анын милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага милдетин аткаруудан баш тартса, бул милдетти өкмөт башчы өзүнө алат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG