Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Алмамбет Салиевдин ордуна Медербек Сатыев дайындалды


Бишкектеги президенттик администрациянын жана парламенттин имараты. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги президенттик администрациянын жана парламенттин имараты. Архивдик сүрөт.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Алмамбет Салиев президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгынан бошотулду.

Президенттин сайтында 20-октябрда жарыяланган маалыматта Салиев кызмат ордунан өз арызынын негизинде бошотулганы айтылат.

Жапаровдун дагы бир жарлыгынын негизинде Медербек Сатыев президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Дагы бир орун басарлык кызматка мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2005-2009-жылдары президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүн жетектеген, 2009-жылдан 2010-жылы апрелге чейин юридикалык кызматты башкарган Бектур Зулпуев келди.

Президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Медербек Сатыев Садыр Жапаровду актаган судья катары белгилүү.

Ал 2013-жылы азыркы депутат Курманкул Зулушев менен кошо Бишкек шаардык сотундагы коллегиянын мүчөсү болуп туруп, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган. Кийинчерээк ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Сатыев менен Зулушевди кызматтан бошоткон.

Ал эми 37 жаштагы Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып иштеп келген. Бул кызматта турганда анын дарегине «бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт» деген мазмундагы сын айтылып келген.

Өткөн аптада экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратын жетектеген Досалы Эсеналиев кызматтан кетип, анын ордуна 19-октябрда Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG