Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

«Реформа» партиясы депутаттарды саясий эркин көрсөтүүгө чакырды


«Реформа» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын эрктүү болууга, жеке максатын көздөп, саясий интригаларга аралашпай эл алдындагы милдетин так аткарууга чакырды.

Партия парламентте айтылып жаткан Конституцияны өзгөртүү тууралуу сунушка байланыштуу 22-октябрда ушундай билдирүү таратты.

«5-октябрда башталган элдик көтөрүлүштө бийликти басып алуу, конституциялык референдум өткөрүү талабы болгон эмес. Азыркы кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - парламенттик жана президенттик шайлоонун мыйзамдардан аша чаппай өткөрүү», - деп жазылган билдирүүдө.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарылган. Азыркы парламенттин мөөнөтү аяктап калгандыктан кайра шайлоо, ал эми президент кызматтан кеткендиктен мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл.

БШК жаңы парламенттик шайлоону 20-октябрга белгилеген.

Айрым депутаттар адегенде Конституцияны өзгөртүш үчүн референдум өткөрүү зарыл экенин айтууда. Мындай көз карашын алар азыр Кыргызстанда «эки баштуу» башкаруу болуп турганы, президент эч нерсеге жооп бербегени менен негиздеп жатышат. (SE\RK)

XS
SM
MD
LG