Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

БУУ: «Жихадчы» атыккан тажик полковнигине каршы санкциялар узартылды


Согушкерлердин катарына кошулган мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимов.
Согушкерлердин катарына кошулган мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимов.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулуп кеткен мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимовго каршы санкцияларын узартты. Жаңыланган санкциялык тизме 21-октябрда жарыяланды.

Соңку жылдары Халимов жок кылынганы тууралуу бир нече жолу кабар тараган. Быйыл августта Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода полковник Гулмурод Халимов Сириядагы бомбалоодон каза болгону тууралуу маалымат бар экенин айтып, бирок анын өлүмүн расмий ырастаган эмес.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин тизмесинде Халимовдун акыркы жашаган жери Сирия деп көрсөтүлгөн. Адатта уюм каза болгон адамдарды бул тизмеден чыгарып турат.

«Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» террордук топторунун курамына кирген адамдарга, топторго, ишканаларга жана уюмдарга каршы мындай даректүү санкциялар 2015-жылы киргизилген. Ага ылайык, БУУнун курамындагы өлкөлөр санкциялык тизмедеги адамдар менен уюмдарга курал-жарак сатуудан баш тартып, алардын активдерин камакка алышы керек.

Гулмурод Халимов – бул тизмеге киргизилген Тажикстандын жалгыз жараны. Ал дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган «Ислам мамлекети» тобунун катарына 2015-жылы апрелде кошулуп, 2016-жылы бул уюмдун аскер башчысы болуп дайындалган. Мекенинде ага каршы «Мамлекетке чыккынчылык кылуу», «Кылмыштуу топтун мүчөсү болуу» жана «Башка өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG