Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:30

Орусиялык аба компаниялары өкмөттөн 50 млрд. рубль кенемте сурашты


«Шереметьево» аэропорту. Москва. Илююстрациялык сүрөт.

Аба компаниялар ассоциациясы пандемия учурунда тармакка колдоо көрсөтүү үчүн кошумча 50 млрд. рубль кенемте төлөп берүүсүн өтүнүп, орус өкмөтүнө кайрылды.

Бул тууралуу ассоциациянын төрагасы Владимир Тасун журналисттерге билдирди. Транспорт министрлиги өтүнүч болгонун ырастап, учурда кайрылуу каралып жатканын маалымдады.

Авиакомпаниялар 30 млрд. рублди 2020-жылдын акыркы кварталына, дагы кошумча 20 млрд. рублди келерки жылдын 1-кварталына деп сурашкан.

Компаниялар эл аралык каттамдар жанданмайынча жүргүнчүлөрдүн агымы мурунку жылдарга караганда эки эсе азайса, кыш мезгилиндеги учуу андан бетер азайып, банкроттукка алып келиши ыктымал экенин белгилешүүдө.

Орус өкмөтү быйыл май айында коронавирус пандемиясына байланыштуу авиакомпанияларга 23,4 млрд. рубль бөлүүнү токтом кылган. Кенемте февраль-июнь айлары үчүн пандемиядан улам «учпай калган» ар бир жүргүнчү ордуна 365 рублден эсептелген. Бирок натыйжада август айында аба компаниялары 11,7 млрд. рубль алышкан. Анын көп бөлүгүн 7,89 млрд. рублди «Аэрофлот» алган.

XS
SM
MD
LG