Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Академик Дүйшөн Маматканов дүйнөдөн кайтты


Дүйшөн Маматканов, академик.
Дүйшөн Маматканов, академик.

26-октябрда, 86 жаш курагында Кыргызстандын инженердик гидрология жана суу маселелери боюнча чыгаан окумуштуусу, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргызстандын жана Тажикстандын академиги Дүйшөн Маматканов дүйнөдөн кайтты.

Окумуштуунун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук-саясий ишмерлери, окумуштуулары кол койгон некролог жарыяланды.

Анда «Дүйшөн Маматкановдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн изилдөөлөр сууну көп жылдык жөнгө салуу суу сактагычтардын көлөмүнүн чоӊдугу, алардын эсептик тактыгы жана камсыздануусу иштелип чыккан, суу-чарбалык жана гидроэнергетикалык жабдыктар, алардын топтому үчүн оптималдуу параметрлерин, мындан сырткары, ГЭСтердин көп жылдык мөөнөттөгү суу сактагычтар менен болгон кепилдик колдонуу кубаттуулугун пайдалануу үчүн эсептөө графигин түзүп чыккан» деп жазылган.

Маматкановдун илимий иштеринин натыйжасында Ысык-Көлдө алты миң гектар жаңы жер ɵздɵштүрүлүп, 10 миң гектарга жакын жерди суу менен камсыз кылуу долбоорлору сунуш кылынган. Окумуштуунун катышуусунда Сары-Жаз дарыясынын гидроэнергетикалык потенциалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн изилдөө максатында рекогноцирдик изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Дүйшөн Маматканов инженердик гидрология, гидроэнергетика, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, ошондой эле суу ресурстарын жөнгө салуу жана башкаруу тармагында залкар окумуштуу катары бааланат.

Окумуштуу илимий эмгектери үчүн экинчи жана үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Дүйшɵн Маматканов 1934-жылдын 7-ноябрында Ысык-Көл областынын, Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG