Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Тоолуу Карабактагы жаңжал боюнча Женевада жолугушуу өтөт


Тоолуу Карабактагы көрүнүш
Тоолуу Карабактагы көрүнүш

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжалдын курмандыктары көбөйүүдө. АКШнын арачылыгындагы үчүнчү жолку ок атышууну токтотуу келишиминин бузулушу үчүн тараптар бири-бирин айыптап жатат. 29-октябрда Женевада Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери ЕККУнун алкагындагы Минск тобунун теңтөрагасы болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөрү кабарланды. Карабак чатагын жөнгө салуу боюнча топтун теңтөрагалары катары АКШ, Орусия жана Франция буга чейин бир нече жолу тараптарды ок атууну токтотууга чакырган болчу.

Минск тобу бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө “Тоолуу Карабактагы жаңжалды тынчтык жол менен жөнгө салчу кадамдар макулдашыларын” билдирди.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак республикасынын өкүлдөрү соңку суткада Азербайжандын аткылоосунан дагы 51 аскер көз жумганын кабарлады. Өз кезегинде Азербайжан армян аскерлери Геранбой районун аткылаганын билдирди.

1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу жаңжал уланууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG