Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Өкмөттүн аппараты Садыр Жапаровдун элчилер менен болбой калган жолугушуусунун себебин түшүндүрдү


Садыр Жапаров, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу.

Өкмөт аппараты билдирүү таратып, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен белгиленген жолугушуусунун болбой калышынын себебин түшүндүрдү.

Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 29-октябрда кабарлагандай, жолугушуу 28-октябрь саат 14:00гө белгиленген. Ушул эле күнү премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи да белгиленип калгандыктан, Садыр Жапаров элчилер менен кездеше албай калган.

Өкмөттүн аппараты бул жолугушуунун өтө турган күнү боюнча кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Мунун алдында социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Садыр Жапаров менен жолугушууга бир да элчи келбей койгонун, көбү орун басарларын, атташелерди жиберип коюшканын жазышкан. Ошол себептүү кездешүү өтпөй калганы маалымдалган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, быйыл 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Жапаровдун өкмөтүндө тышкы иштер министрлигине бекиген Руслан Казакбаев мурдараак АКШнын, Кытайдын, Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын элчилери менен, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ), Европа Биримдигинин (ЕБ), Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЖККУ) жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен эки тараптуу cүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Кийин ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов гана Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттукташкан. Мындан башка өлкөлөр жана уюмдар куттуктоо жөнөтө элек. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG