Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

АКШда бир күндө 91 миңден ашуун адамдан коронавирус табылды


Нью-Йорктогу калкты тесттен өткөрүүчү жайлардын бири. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Нью-Йорктогу калкты тесттен өткөрүүчү жайлардын бири. 17-сентябрь, 2020-жыл.

29-октябрга карата Кошмо Штаттарда соңку бир сутка ичинде 91 295 кишиден коронавирус табылды. Бул өлкөдө эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга чейинки жогорку сан 23-октябрда катталып, анда 24 сааттын ичинде COVID-19га чалдыккандардын саны 84 миңден ашкан.

АКШда пандемия маалында баш-аягы 8,9 миллион адам коронавирус жугузуп алганы ырасталды. Алардын 228 миңден ашууну көз жумду.

«Биз өтө кыйын жолдо турабыз. Туура эмес багытка кетип баратабыз», - деп билдирди өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи.

Ал өлкөнүн 47 штатында вирус жуккан адамдар көбөйүп жатканын, ооруканалар толуп баратканын кошумчалады. Ак үйдүн коронавируска каршы штабы штаттардын жетекчилерин илдеттин жайылышын токтотуш үчүн чечкиндүү чара көрүүгө чакырганы кабарланды.

Европада да COVID-19дун жайылуу көрсөткүчү кескин жогорулагандыктан карантин чаралары күчөтүлүүдө. Жакында Францияда жалпы элдик карантин жарыяланды. Германия да 2-ноябрдан тартып карантинге кайтканы жатат.

XS
SM
MD
LG