Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Коронавирус менен ооруканада жаткандардын 117си өтө оор абалда


Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.
Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.

Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча 3437 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Алардын ичинен оор абалдагылар 962 , өтө оор абалдагылар - 117 киши. Орто оордукта 2296 киши дарыланууда.

Калган 62 адамдын абалы канааттандырарлык.

Үйүндө дарыланып жаткан бейтаптардын саны 3771 деп эсептелди.
4-ноябрга карата өлкөдө 495 киши COVID-19 чалдыкканы кабарланды. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарында катталууда.

Бишкекте, Жалал-Абад,Баткен, Чүй, Ош облусттарында ооругандар көп болуп жатат. 527 киши оорудан сакайып чыкты.

Төрт киши каза болду, маркумдардын үчөө Бишкектен, бирөө Баткенден.
Март айынан бери коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 60 774 адам болду, каза тапкандар 1163 кишиге жетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG