Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Дүйнөдө COVID-19га кабылгандардын саны 50 миллиондон ашты


Чехияда коронавируска анализ алып жаткан ыктыярчылар.

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 50 миллиондон ашты. Алардын төрттөн бир бөлүгү илдетке соңку 30 күндүн ичинде чалдыккан.

Кошмо Штаттарында октябрь айында коронавирус күнүнө жүз миңден көп кишиден аныкталып жатса, 7-ноябрда бир күндүк көрсөткүч 126 миңге жетти.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден январь айында кызматка киришери менен пандемияга каршы күрөштү баштарын билдирди.

Америкадан кийинки эле сапта Индия турат. Бул өлкөдө 8,5 миллион адамдан COVID-19 вирус табылган. Күнүмдүк көрсөткүч 46 миңдин тегерегинде.

Европа мамлекеттеринде да коронавирус менен ооругандардын саны рекорддук көрсөткүчтөргө жетүүдө. Европада коронавирус 12 миллиондой адамдан чыккан.

Коронавирус алгач Кытайда 2019-жылдын декабрь айында пайда болгон. Андан бери бул илдет 1,25 миллион адамдын өмүрүн алды.

Данияда суркүзөндөрдөн коронавирустун адамга жуга турган мутациясы пайда болгону аныкталган соң, 7-ноябрда 17 миллиондой жандыкты жок кылуу буйругу берилди.

XS
SM
MD
LG