Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:15

АКШ: коронавируска чалдыккандар он миллион адамга жакындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда коронавируска чалдыккандар он миллион адамга чамалады. Жон Хопкинс университетинин 8-ноябрдын кечиндеги статистикасына ылайык, Кошмо Штаттарда бул вируска кабылгандардын саны 9,9 миллионго жетти. Пандемия башталгандан бери 237 миң киши бул илдеттен көз жумду.

7-ноябрдагы бир күндүк көрсөткүч 126 миңден ашты.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден жана анын кеңешчилери саламаттык сактоо тармагындагы кризисти чечүү боюнча өз пландарынын үстүнөн иштеп жатышканы кабарланды.

Европа мамлекеттери да коронавирус жуккандардын саны боюнча рекорддук көрсөткүчтөргө жетүүдө.

Италиянын лыжа курорттору менен белгилүү Больцано провинциясы «кызыл аймак» деп жарыяланып, 9-ноябрдан тартып бир катар дүкөндөр жана ресторан-барлар жабылды. Провинциянын губернатору Арно Компачер ооруканалардагы жандандыруу бөлүмдөрү коронавирус менен ооругандарга толо баштагандан кийин ушундай чечимге келгенин билдирди.

Коронавирус алгач Кытайда 2019-жылдын декабрь айында пайда болгон. Андан бери бул илдет бир миллион 250 миң адамдын өмүрүн алды.

Данияда суркүзөндөрдөн коронавирустун адамга жуга турган мутациясы пайда болгону аныкталган соң, 7-ноябрда 17 миллиондой жандыкты жок кылууга буйрук берилди.

XS
SM
MD
LG