Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Бишкекте «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга каршы акция өттү


Профсоюздар үйүнүн алдындагы акция. 2020-жылдын 10-ноябры.
Профсоюздар үйүнүн алдындагы акция. 2020-жылдын 10-ноябры.

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте Кесиптик кошуундар федерациясынын башкы имаратынын алдында нааразылык акциясы өттү. Акцияга 50дөй киши катышканын «Азаттыкка» Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.

Анын айтымында, пикетке чыккандар «Кесиптик кошуундар жөнүндө» жаңы мыйзамга каршы болуп, анын долбоорун 5-ноябрда Жогорку Кеңеш кворум жоктугуна карабастан, регламентти бузуу менен кабыл алганын билдиришти:

«Түз эфир болуп жаткан. Вице-спикер Аида Касымалиева «Кворум жок. Бул чырлуу мыйзам. Документтери кана? Бергиле» дегенине карабастан өткөрүп коюшту. Мыйзамдын авторлору профсоюзга өзүнүн кишисин алып келгенге, ал аркылуу кесиптик кошуундун мүлкүн рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылып жатышат. Себеби буга чейин тармактык кошуундардын төрагалары устав боюнча шайлануу жолу менен келген болсо, мындан ары федерацияга төрага ким болсо, аларды ошол дайындайт».

Карачалов мындай жол Кыргызстан профсоюздар федерациясын ыдыратып жок кыларын, 750 миңдей мүчөсүнүн жеңилдиктери алынып, эмгек укугу корголбой каларын айтты.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин тогуз мүчөсү иштеп чыккан. Быйыл 5-ноябрда парламент аны экинчи окууда кабыл алды.

Авторлордун бири, депутат Мирлан Бакиров долбоорду кабыл алууда регламент бузулбаганын айтып, кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу азыркы мыйзамдын Конституцияга жана Эмгек кодексине каршы келген жерлери бар экендиги тууралуу Юстиция министрлигинин каты келип түшкөнүн, профсоюздарда мүлк талаш жана башка чырлар дээрлик 30 жылдан бери токтобой келе жатканын билдирди.

Бакиров кесиптик кошуундардын иши ачык жүрбөй жатканын кемчилик катары баалады:

«Мыйзамдын негизги максаты – ачык-айкындуулукту жана отчёттуулукту камсыз кылуу. Бюджеттен эмгекчилердин ден соолугун чыңдоого 330 миллион сомдун тегерегинде акча которулуп тургандыктан, өкмөт тараптан да паритеттик негизде кеңештин мүчөсү болушу керек. Жаңылануу максаты гана. Укуктарды чектөө деген жок. Эгер кабыл алынса профсоюздардын жер-мүлкү бир сыйра инвентаризация болот».

Федерацияда буга чейин жетекчилик кызмат талашка түшүп, бир нече нааразылык акциялары өткөн.

Элдияр Карачалов эгер мыйзам кабыл алынса нааразылык улана берерин, 12-ноябрда Бишкекте жер-жерлерден келген активисттердин катышуусу менен кеңейтилген форматтагы митинг өтөрүн айтууда. Анын сөзүнө караганда, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы пикирин буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү да билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG