Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Бишкекте почта кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте почта кызматкерлеринин нааразылык акциясы өтүүдө. «Кыргыз почтасы» ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Маматкулов «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, 25тей кызматкер маянасынын аздыгына арызданып жатат.

Маматкулов айлык кармалбастан убагында берилерин айтты.

Акциянын катышуучулары коронавирус пандемиясынан кийин ай сайын төлөнүүчү сый акыны алып салышканын, маяна 5-7 миң сомдун тегерегинде экенин билдирип, бул акчага азыркы шартта жашоо дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилешти.

«Кыргызпочтасы» ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу мекеме. Мамкаттоо жетекчилиги нааразылыкка чыккан кызматкерлеринин талаптары боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG