Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Казакстанда маркум Дулат Агадилдин уулун өлтүрүп кетишти


Нур-Султандагы өлүкканада маркумдун жакындары.
Нур-Султандагы өлүкканада маркумдун жакындары.

Казакстандын борбору Нур-Султанда өткөн түнү маркум жарандык активист Дулат Агадилдин уулу, 17 жаштагы Жанболот Агадилов бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына Нур-Султан полициясы кабарлаган. Андагы маалыматка ылайык, 10-ноябрда түнкү 11 чамасында борбор шаардын Көктал кичирайонундагы калайман мушташ тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери эки жаат болгон жаштар арасында жапырт мушташ чыкканын аныкташкан.

«Анын жыйынтыгында эки адам жарадар болгон. Алардын бири, 17 жаштагы Жанболот Агадилов бычак жеп, «Тез жардам» келгенче каза болгон» деп айтылат казак полициясынын маалыматында.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергеле баштады. Мушташ эмнеден чыкканы аныктала элек.

«Азаттыктын» казак кызматы бул кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалганын жана дагы эки адам изделип жатканын жазды.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалган жана бир күндөн кийин тергөө абагында көз жумган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаган. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадил өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санашат.

Дулат Агадил Казакстандагы орчундуу жана көйгөйлүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерди ачык айтып, акцияларга чыккан оппозициячыл активист катары белгилүү болчу.

XS
SM
MD
LG