Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

АКШнын Коргоо министрлигинин бир катар жетекчилери алмашты


АКШнын Коргоо министрлигинин имараты.
АКШнын Коргоо министрлигинин имараты.

АКШнын Коргоо министрлиги 10-ноябрда Пентагондун айрым башчылары алмашканын билдирди. Ага ылайык, президент Дональд Трамптын бир катар тарапкерлери маанилүү кызматтарга дайындалды. Мунун алдында Ак үй коргоо министри Марк Эсперди кызматтан алган.

Мындай өзгөрүүлөрдөн улам демократтар менен айрым аскер адамдары өлкөнүн улуттук коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирип жатышат.

Соңку дайындоолор Дональд Трампка буга чейин Эспер жана башкалар каршы чыгып келген саясатты жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Буга чейин Эспер каршылык акцияларын басууга армияны тартуу тууралуу демилгени колдогон эмес. Ошондой эле Трамп жагдайдан пайдаланып, Ооганстандан америкалык жоокерлердин баарын чыгарып кетиши ыктымал.

«The New York Times» басылмасы Коргоо министрлигинин расмий өкүлдөрү Жо Байдендин президенттик мөөнөтү башталганга чейин Трамп Иранга каршы тымызын же ачык операция баштап жибериши ыктымал деп кооптонуп турушканын жазды.

Дональд Трамптын кызматтык мөөнөтүнүн соңуна чыгышына 70тей күн калды жана ал эмгиче Жо Байдендин жеңишин тааный элек.

3-ноябрдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жо Байден ар бир штатта калктын санына жараша түзүлгөн шайлоочулар коллегиясынын 538 мүчөсүнүн 270ден ашык добушун алып, алдыга чыкканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG