Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Коронавирустан бир күндө дагы беш кишинин өмүрү кыйылды


Бишкектеги убактылуу оорукана. Август, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу оорукана. Август, 2020-жыл.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-ноябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы беш кишинин өмүрүн алды. Баткен облусунда үч, Чүй облусунда бир, Бишкекте бир өлүм катталды.

Бир күндө дагы 527 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 64 887 адамды түздү. Анын 55 824ү сакайганы айтылды. Бир күндө 518 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1193 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3322 бейтап стационарда, 3874 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG