Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

УКМК: Аламүдүндүн прокурорлору пара үчүн кармалды


Пара алуу учуру. Сүрөт УКМКга таандык.
Пара алуу учуру. Сүрөт УКМКга таандык.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алар дайыма пара алып жүргөнү аныкталып, экөө тең атайын кызматтын тергөө абагына отургузулду.

УКМК Аламүдүн райондук прокуратурасындагы «системалуу коррупция» тууралуу маалымат келип түшкөнүн, текшерүү учурунда мекеменин жетекчилиги карамагындагы тергөө башкармалыктары менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча тигил же бул чечимди кабыл алыш үчүн акча талап кылып жүргөнү белгилүү болгонун билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул факт боюнча сотко чейинки териштирүүнү Жазык кодексинин «Пара алуу» деген 325-беренесинин негизинде жүргүзө баштады.

Кылмышка шектелип жаткан прокурорлор жана алардын жактоочулары УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын 29-октябрда өкмөттүн жыйынында айткан.

Быйыл сентябрда өлкөдө антикоррупциялык жаңы стратегия кабыл алынган. Коомчулукта жемкорлукка каршы күрөш тегиз ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер бар. (RK)

XS
SM
MD
LG