Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

«Жат эмесмин» спектаклинин бет ачары болду


«Жат эмесмин» спектаклинен көрүнүш.

Бишкекте сталиндик репрессия маалындагы окуяларга арналган спектаклдин премьерасы болду. 11-ноябрда Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөрдүн мамлекеттик театрында репрессияга кабылып, өз мекенине кайтып келбей калгандардын жаркын элесине арналган «Жат эмесмин» спектакли алгач ирет көрсөтүлдү.

Татарстандын Эл жазуучусу Аяз Гилязовдун «Үч карыш жер» повестинин негизинде коюлган спектаклдин сценарийин кыргызстандык калемгер Людмила Молдалиева жазган.

Чыгарманы кыргыз тилине Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Назира Мамбетова которгон. Койгон режиссёрлору – Уланмырза Карыпбаев жана Назира Мамбетова, сүрөтчүсү Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Марат Шарафидинов.

Спектаклде мекенге болгон кусалык атасынын тескери батасынан улам бактысыз болгон үй-бүлөнүн, атасынын жана жубайынын керээзин орундаткан Мирвали аттуу каармандын окуясы аркылуу чагылдырылат. (MS)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG