Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

Доллар курсу 85 сомго жетти, Улуттук банк дагы интервенция жүргүздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 12-ноябрда кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 26,8 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен жыл башынан бери 16 жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 372,3 миллион доллар акча коюлду.

Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырылып жатканы айтылган.

Бүгүн, 13-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,50 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,95 сомго чамалап турат.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG