Швейцария өкмөтү Бишкектин жана Оштун тегерегиндеги жаңы конуштардын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү ишинин алкагында 5 миллион сомдук жардам бөлдү. Бул тууралуу Швейцариянын элчилиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 23 жаңы конуштагы коронавирус пандемиясынан улам кыйналып турган 6 миңдей муктаж адам азык-түлүк жана коронавирустун алдын алыш үчүн тийиштүү гигиеналык каражаттар менен камсыз болду.
Мындан тышкары, медициналык тейлөө боюнча баштапкы уюмдарга каттоого тургузулган 600дөй адам медициналык камсыздандыруу укугуна ээ болду. Бул долбоор боюнча иш эки ай бою – сентябрда жана октябрда жүргүзүлдү.
Элчилик менен кызматташкан жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар аялдар жана балдар арасында ден соолукка кам көрүү, үй-бүлөлүк зомбулук жана суицид сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маселе жаралса кайсы жакка кантип кайрылуу керек экенин айтып беришти.
Бишкектин жана Оштун тегерегинде ондогон жаңы конуштар бар. Алардын көбүнүн каттоо маселеси чечиле элек болгондуктан социалдык-экономикалык жана инфратүзүмдүк кыйынчылыктары көп. (RK)