Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Некролог: Каныбек Исаков билим берүү тармагына чоӊ өзгөрүүлөрдү алып келди


Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.
Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Каныбек Исаков Кыргызстандын билим берүү тармагына чоӊ өзгөрүүлөрдү алып келген жетекчи, үзүрлүү эмгектенген илимпоз жана коомдук ишмер катары тааныла алды. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров баштаган жетекчилердин жана илим, билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди.

Некрологдо Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы орду толгус жоготууга учураганы айтылды.

Мурдагы билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков 12-ноябрда 51 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 13-ноябрда маркумдун сөөгү Ош облусунун Ноокат районунда жерге берилди.

Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган.

Эмгек жолун 1986-жылы Ноокат районундагы Бел-Өрүк колхозунда иштөөдөн баштаган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырып, 1993-жылы аны артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Педагогикалык ишмердикти 1993-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу болуп иштөөдөн баштап, аталган окуу жайда улук окутуучу, декандын орун басары, проректор жана ректор кызматтарына чейинки баскычтарды өткөн. 1995-жылы студенттик «Нур» гезитинин башкы редактору болуп дайындалып, студенттердин билим алуусу менен бирге чыгармачылыгын да өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаган. Идеяга бай, эмгекчил, ынтызарлык сапаттарынын аркасында 1997-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары, 1998-жылы аталган окуу жайда ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы кызматтарын аркалаган. 2000-жылы ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында эмгектенген. 2005-жылы ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган. 2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болгон. Бул жылдары ОГПИ педагогика тармагындагы мыкты кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайына айланган. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалып, бул окуу жайын 2019-жылга чейин жетектеп келген.

ОшМУда окутуу процессин жакшыртуу, окуу процессин башкарууну автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын киргизүү, инфратүзүмдү жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, анын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети Борбор Азиядагы алдыӊкы окуу жайлардын катарына кирген.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Бул учурда да өлкөнүн билим берүүсүндө чоӊ өзгөрүүлөр болгонуна коомчулук күбө болду.

Исаков илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган, 150дөн ашык илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон, ошондой эле анын бир нече көркөм-адабий китептери жарык көргөн.

Исаков коомдук ишмер катары да өзүн көрсөтө алган. Ош шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болуу менен өлкөдө жана Ош шаарында билим берүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келген.

Үзүрлүү эмгеги үчүн 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», 2006-жылы «Кыргыз тили» төш белгилери, 2007-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги, 2010-жылы Жапониядагы Сока-Гаккай университетинин «Ардактуу профессору», Түркиядагы Кастамону университетинин «Ардактуу профессору», 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Исаков үч кыз, бир уулга татыктуу тарбия берген.

XS
SM
MD
LG