Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы кен иштеткен компаниялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. 13-ноябрда облустун башчысы «Азаттыкка» билдиргендей, компаниялар элдин талаптарынын 90% чечип беришти.
Чаткалдагы «Вертекс Голд Компани», «Кичи-Чаарат» жана Ала-Букадагы «КАЗ Минералз Бозумчак» компанияларында болгон Сыргабаев жумушчулардын жана жергиликтүү тургундардын суроолору менен талаптарын укту. Жолугушууда кийинки убакта келип чыккан маселелердин алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү, жумуш ыргагы үзгүлтүккө учураган «Вертекс Голд» компаниясы ишин баштап, калгандарында да жакынкы арада жумуш ыргагы калыбына келери айтылды.
Компаниялардын өкүлдөрү жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылуу маселесине басым жасашты. Аймактагы элдин ден соолугуна кам көрүш үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу зарыл экендиги айтылды.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында атайын комиссия түзүлүп, элге ачык маалымат берилмей болду.
Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан алты ири кен иштеткен компания бар. Аларда 3,5 миңге жакын жумуш орундары ачылган.
4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда саясий кризисти пайда кылган. Анын айынан борбор шаар Бишкекте башаламандык чыгып, мындай көрүнүш жер-жерлерде да байкалган. Чет элдик инвесторлор иштеткен айрым компанияларга кол салуу болгон.
Талдоочулар кол салууга жана башаламандык уюштурууга тиешеси барлар жазасын алмайынча мындай көрүнүш келечекте дагы уланышы ыктымал экенин айтып жатышат. (TB)