Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

ИИМ өкүлү Гүлнара Каримованын коронавирус болгонун четке какты


Гүлнара Каримова былтыртан тартып Ташкент облусундагы түрмөдө отурат.
Гүлнара Каримова былтыртан тартып Ташкент облусундагы түрмөдө отурат.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Умида Абдуллаева өлкөнүн мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара тууралуу соңку маалыматтарды четке какты. Ал 12-ноябрда Ташкенттеги гендердик теңчилик тууралуу басма сөз жыйынында Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурганы, саламаттыгы кескин начарлап кеткени, ал тургай өз жанын кыйганы тууралуу маалыматтар негизсиз экенин айтты.

Өткөн айдын аягында Каримованын кызы Иман «Инстаграмдагы» баракчасына апасы эки өпкөсү кагынып ооруп жатканын, бирок түрмөдө ага коронавируска тест тапшырууга уруксат бербей коюшканын, медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын жазган.

Ошондой эле аны көптөн бери балдарына, адвокаттарына жолуктурбай жатышканын билдирип, муну соттолуучунун укугун бузуу катары баалаган.

Гүлнара Каримова өткөн жылдын жазынан тартып Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар коюлган жана ал 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Ушул жылдын сентябрь айында Швейцария менен Өзбекстан Каримованын акчасын кайтаруу боюнча макулдашкан. Ага ылайык, Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарында сакталып турган 131 миллион доллары Ташкентке которулары айтылган.

Анын алдында, май айында Франция Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстанга кайтарып берген.

XS
SM
MD
LG