Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилди


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына өткөрүлдү.

Тиешелүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 14-ноябрда билдирди.

Ага ылайык, бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылат.

Чечимге ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү. УКМКнын Чек ара кызматынын директору атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

Атайын кызматка УКМКнын Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айда киргизүү тапшырмасы берилди.

Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга кошуу ниетин 2-ноябрда Баткенде эл менен жолугушкан учурда айткан. Ал мындай чечим чек ара көйгөйүн чечүү үчүн кабыл алынганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG