Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Иманалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди


Каныбек Иманалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. 14-ноябрь, 2020-жыл.
Каныбек Иманалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. 14-ноябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК кабарлады.

Ушул эле күнү президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров да президенттикке талапкер болуш үчүн Боршайкомго документтерин берген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн 13-ноябрда БШКга Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу, Курсан Асанов, Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов арыз калтырган.

Мурдараак президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева, Асланбек Малиев жана Медер Болгомбаев БШКга расмий арыз тапшырган. Бакыт Бакетаев арызын кайра кайтарып алган.

Ошондо 14-ноябрга карата шайлоого катышуу ниетин баш-аягы 40 киши билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып жатат.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) БШКга арыз бериши керек.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG