Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Арменияда оппозициялык «Мекен» партиясынын лидери кармалды


Артур Ванецян.
Артур Ванецян.

Арменияда 14-ноябрда оппозициялык «Мекен» партиясынын лидери, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Артур Ванецян кармалды. Ал Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды өлтүрүүгө даярдык көргөн деп шек саналууда.

Анын адвокаты Лусин Сахакян Ванецяндын ата-энесинин батиринде тинтүү жүргүзүлгөнүн кабарлады. Тергөөчүлөр «Мекен» партиясынын лидеринин өз үйүнүн дарегин билбегендиктен, тинткен эмес.

Адвокаттын айтымында, Артур Ванецян ишемби күнү Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгына суракка чакырылгандан кийин кармалган.

10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы менен үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабакта ок атуу токтотулган. Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуштар менен чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле аймакка орус аскерлери тынчтык сактоо күчтөрү катары жайгаштырылат.

Бул келишимге кол коюлары менен аны Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Азербайжан менен Армениянын талашына түшкөн Тоолуу Карабакта кырдаал 27-сентябрда курчуп, алты жумага жакын куралдуу кагылышуу болду. Анын кесепетинен миңдеген адамдар каза тапты.

XS
SM
MD
LG