Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Бишкек мэриясында жүргүнчү ташыган кичи автобустар маселеси талкууланды


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобустардын ишин жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин шаардагы жүргүнчү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилери менен жолугушуусунда айтылды.

Фирмалардын жетекчилери шаардык транспортту башкаруу мекемелеринин, таксомотордук кызматтардын ишине сын айтып, жол кире тарифтери боюнча маселени да көтөрүштү.

Түлөбаев эгер экологияга зыян келтирбей турган транспорт каражаттарын колдонуу сунуш кылынса, бизнестин мындай түрү үчүн мамлекеттик-жеке кызматташтык шартында маршруттук линияларды бөлүп берүүгө макулдук болорун айтты.

Борбор шаардын транспорттук мекемелерине жүргүнчү ташуучу ишканалар менен кызматташтыкты жөнгө салып, нормативдик-укутук базаны иретке келтирүү боюнча тапшырма берилди.

Кичи автобустардын ишин жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын календарлык планы 10 күн ичинде иштелип чыкмай болду.

Бишкекте жүргүнчүлөрдү муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары 41 жеке компаниянын кичи автобустары тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат. (RK)

XS
SM
MD
LG