Өзгөчө кырдаалдар министрлигин (ӨКМ) Ош шаарына толук көчүрүү тууралуу демилге көтөрүлдү. Министрликтин Ош боюнча башкармалыгында байланыш бөлүмүндө иштеген Таштан Тукуев аттуу кызматкер 17-ноябрда Ош шаарында басма сөз жыйынын уюштуруп, мекемени көчүрүү зарылчылыгы тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Ал ӨКМ системасында иштегенине 20 жылдан ашуун убакыт болгонун, жаратылыш кырсыктарынын басымдуу бөлүгү республиканын түштүк аймагында катталарын айтты. Министрликтин Бишкектеги кеңсеси имаратты ижарага алып, казынага жүк болуп жатканын белгилеп, Оштогу имаратта бир нече кызматкер гана отурарын кошумчалады.
Тукуевдин айтымында, ӨКМ 2001-жылдан бери Ошко жана Бишкекке бир нече жолу которулуп, 2019-жылы толук бойдон кайра Бишкекке көчүрүлгөн.
ӨКМдин маалымат кызматы жогоруда айтылган талаптарга байланыштуу билдирүү таратып, борбордук аппарат, башкармалыктар, бөлүмдөр жана структуралык бөлүктөр Бишкек жана Ош шаарларында жайгашканын, өкмөт Бишкек шаарында болгондуктан министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу үчүн эл аралык бөлүмү жана каржы башкармалыгы сыяктуу кээ бир бөлүмдөр гана борбор калаада иш алып барарын маалымдады. Өлкөнүн түштүк аймагында өзгөчө кырдаалдар көп катталгандыктан министрликтин борбордук аппаратынын өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу негизги башкармалыктары жана бөлүмдөрү Ош шаарында экенин билдирди.(DU)