Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:08

COVID-19: Дагы төрт киши каза болду, 486 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Чүй облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1207 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 486 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (143) жана Чүй (137) облусунда.

Оору жуккандардын жалпы саны 67 469 кишиге жетти.

Бир күндө 555 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3138 адам жатат, дагы 4100 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3750 адамга жетти, алардын 3505и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 15 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG