Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Өкмөт: Салык кодексинин жаңы редакциясы эки айда иштелип чыгат


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрүүдө.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрүүдө.

Өкмөт Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыкмай болду. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн жана ага эки айлык мөөнөт берилгенин 17-ноябрда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Новиков өкмөттүн Экономикалык реформалар боюнча кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүп, азыр мамлекеттик система колдоо көрсөтүүчү каражат эмес, тоскоолдуктар системасы катары кабылданып жатканын айтып, мамлекеттик бийликтин образын өзгөртүп, ашыкча функциялардан жана бюрократиядан арылуу, бизнес үчүн тең атаандаштык шартын түзүп берүү керек экенин кошумчалады.

Жыйында жаңы Салык кодексинде «эски ыкмалар» жоюлары жана ал бизнестин бардык салыктары да, социалдык төлөмдөр да бириктирилген жалпы документ болору, жумушчу топ эки айдан кийин анын долбоорун алып чыгары айтылды.

Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга ыңгайлуу шарт түзүлбөгөнүн айткан ишкерлер сунуштарын өкмөт укпай жатканын билдирип келишет. Ишкерликтин абалы быйыл коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам ого бетер курчуду. Кирешеси жок отурганын айткан бизнес өкүлдөрү мамлекетке салык төлөөгө чамасы жок экенин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG