Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:05

УКМК: Кыргызстандын жарандары үчүн визалык чектөөлөр алынып, биометрикалык паспорттор бериле баштайт


Кыргызстандын жарандык паспорту.
Кыргызстандын жарандык паспорту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жакын арада Кыргызстандын жарандарына карата болгон визалык чектөөлөр алынып, биометрикалык паспорттор бериле баштай турганын маалымдады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын жарандарына биометрикалык паспорттор берилип, эл аралык ICAO PCD маалымат кампасына кошулат.

Буга чейин кыргызстандыктарда биометрикалык паспорттордун жоктугунан улам АКШнын адиминистрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген.

2020-жылдын соңку айларына чейин Мамлекеттик каттоо кызматы германиялык «Muhlbauer ID Services GmbH» компаниясы менен биометрикалык паспорттордун бир бланкасын 407 сомдон чыгаруу боюнча келишимди макулдашат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы биометрикалык паспорттордун кечигишине бланкаларды алып келүүдөгү жана чыгаруудагы коррупциялык иштер себеп болгонун иликтеп чыкты.

«Бул иликтөөдө Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчилиги тендерди шектүү компания жеңип чыгышына шарт түзүп, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген коррупциялык фактылар аныкталып, сотко чейинки тергөө иштерине жиберилди. Эгер бул келишим ишке ашса, биометрикалык паспорттун бир бланкы 585 сомдон сатылмак. Келишимдеги чыгымдын айырмасы 1,5 миллион сом болуп, жалпы суммасы 253 миллион сом болмок», деп айтылат мекеменин маалыматында.

4-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Кыргызстан биометрикалык паспортторду бере баштаса АКШнын виза берүү тартиби да кайра караларын эскертип, кыргыз жарандарына виза берүү маселеси АКШдагы президенттик шайлоодон кийин кайра караларын айткан. Анын айтымында, шайлоодо ким жеңгенине карабастан виза маселеси чечилет.

«Белгилүү болгондой, иммиграциялык виза алуу маселеси Кыргызстандагы биометрикалык паспорттордун коопсуз болбогонуна байланыштуу. Бактыга жараша Кыргызстан мындай паспортторду берүүгө даяр. АКШдагы шайлоодо ким жеңгенине карабастан, биздин өкмөт чектөөнү алып салуу маселесин чечет», - деген элчи.

Быйыл 31-январда АКШнын президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарынын иммиграциялык жана грин-карта менен виза алышына чектөө киргизген. Мунун себеби Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүрүлгөн.

Кийин Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына катыша аларын Кыргызстандагы АКШнын элчилиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. (BCh)

XS
SM
MD
LG