Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Пакистандын премьери Имран Хан биринчи жолу Ооганстанга барат


Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Исламабад. 25-июнь, 2020-жыл.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Исламабад. 25-июнь, 2020-жыл.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан бийликке келгенден бери биринчи жолу коңшу Ооганстанга сапар алганы турат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Хан ооган президенти Ашраф Ганинин чакыруусу менен 19-ноябрда Кабулга барарын шаршемби күнү билдирди.

Маалыматка ылайык, бир күндүк сапардын алкагында Ашраф Гани баштаган бийлик жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн соода алакасын, Ооганстандагы тынчтык орнотуу аракеттерин, аймактагы экономикалык кызматташтыкты талкуулайт.

Хан 2018-жылдын август айында Пакистандын премьер-министри болуп иштей баштаган. Андан бери Ооганстанга бир да жолу бара элек болчу.

Пакистандын премьери менен Ооганстандын президенти былтыр май айында Ислам Кызматташтык Уюмунун Сауд Арабиясындагы саммитинин алкагында кездешкен. Бир айдан кийин Гани Пакистанга барып келген.

Быйыл сентябрь айында Ооганстандын Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла Пакистанда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген.

Ооганстан-Пакистан алака-катышы узак убактар бою чыңалуу менен коштолуп келет. Кабул менен Вашингтон Исламабадды «Талибандын» жетекчилерин жаап-жашырат, колдойт деп күнөөлөп жүргөн. Исламабад мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG