Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Абдулла Абдулла Пакистанга үч күндүк сапар менен келди


Абдулла Абдулла «Талибан» менен 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Кабулдун расмий делегациясын жетектейт.
Абдулла Абдулла «Талибан» менен 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Кабулдун расмий делегациясын жетектейт.

Ооганстандын Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла 28-сентябрда Пакистанга үч күндүк сапар менен келди. Ал 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Кабулдун расмий делегациясын жетектейт.

Пакистан - «Талибанга» таасири өткөн аймактагы негизги ортомчулардын бири. Абудулла бул сапарынын алдында «Твиттердеги» баракчасына Пакистанда бийлик өкүлдөрү менен жолугарын, Ооганстанга тынчтык орнотуу жараяны, эки тараптуу алака-катыш маселелери талкууланарын жазган.

Ооганстан-Пакистан алка-катышы узак убактар бою татаал болуп келген. Кабул менен Вашингтон Исламабадды «Талибандын» жетекчилерин жаап-жашырат, колдойт деп күнөөлөп жүргөн. Пакистан болсо анын талибдерге таасири өтө эле ашыкча көрсөтүлгөнүн айтып, Ооганстандагы тынчтык үчүн болгон жардамын берүүгө даяр экенин билдирген.

АКШ менен «Талибан» быйыл февраль айында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды алмашып бүткөндөн кийин оогандардын өз ара ички диалогун башталары жазылган. Бул жараян туткун алмашуу маселесинен улам кыйла кечеңдеп атып, сүйлөшүүлөр 12-сентябрда Катардын Доха шаарында башталган.

Эки тарап ымала келе баштаганы менен Ооганстанда өкмөттүк күчтөрдү бутага алган чабуулдар токтой элек.

XS
SM
MD
LG