Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

МАГАТЭ: Иран өзөктүк келишимди кайра бузду


Ирандын Исфахан аймагындагы Натанз заводу, 21-октябрь, 2020-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран дүйнөлүк державалар менен беш жыл мурда кол коюлган өзөктүк келишимди бузуп жатканын билдирди. Уюм буга Ирандагы Натанз заводунун аймагында уран байытуучу центрифугалар ишке киргенин мисал келтирди.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэл Гросси Натанздагы жертөлөдө орнотулган центрифугалар иштей баштаганын 18-ноябрдагы басма сөз жыйынында айтты. Уюм заводдо центрифугалар орнотулганы тууралуу маалыматты өткөн аптадагы баяндамасында ачыкка чыгарган. Бирок анда «центрифугаларга урандын фториди (UF6) бериле элек» деп айтылган.

2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Евробиримдик кол койгон өзөктүк келишимге ылайык, Тегеран уран байытууну чектөөгө убада берген. Буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы документте бир топ маселелер каралбай калганын белгилеп, келишимден чыгып кеткен жана санкцияларды кайра жанданткан. Андан бери Иран өзөктүк келишимдеги бир топ чектөөлөрдү аткарбай келет.

17-ноябрда Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф эгер АКШнын шайланган президенти Жо Байден Тегеранды бутага алган санкцияларды алып сала турган болсо, өзөктүк келишимдин шарттарын толук аткара турганын билдирди. Бирок бир катар эксперттер мурдагы келишимге кайра кайтып баруу өтө кыйын болоорун «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиришти.

7-ноябрда Кошмо Штаттардагы дээрлик бардык ири маалымат каражаттары Жо Байден президенттик шайлоону жеңип чыкканын жарыялашкан. Бирок президент Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоо «бурмаланганы» тууралуу негизделбеген дооматтарды айтып, өз командасы шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко кайрылып жатканын белгилеп келет.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG