Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Өзбекстан Баткенге оорукана салып берет


Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстан мамлекетинин колдоосу менен жугуштуу ооруларды дарылоочу 200 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

18-ноябрда оорукананын курулушуна керектүү материалдарды (40 контейнер) «Өзбекстан темир жолдору» ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов баштаган делегация алып келди. Облус башчысы Жаныбек Жалалов делегацияны тосуп алып, жолугушууда Өзбекстан мамлекетине ыраазычылыгын билдирди. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосундагы бир гектарга жакын аянтка курулат. Учурда курулуштун ордун даярдоо башталды.

Маалыматка ылайык, оорукана 10 күндүн ичинде курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдыктар менен камсыздалат. Бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, жергиликтүү медицина кызматкерлери менен тажрыйба алмашат. (TSh/JsA)

XS
SM
MD
LG