Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Мамытканов: Буга чейинки шайлоо сабак болууга тийиш


Өкмөттүн жыйыны. 2020-жыл, 19-ноябрь.
Өкмөттүн жыйыны. 2020-жыл, 19-ноябрь.

Өкмөт алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында вице-премьер-министр Максат Мамытканов шайлоо мүмкүн болушунча таза жана ачык-айкын өтүшү керек экенин белгиледи.

«Биз бардык аткаруу бийлик органдарынын координацияланган ишин көрсөтүшүбүз керек. Буга чейинки Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биз үчүн чоң сабак болууга тийиш», - деди Максат Мамытканов.

Президенттик шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо учурундагы коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алыш үчүн бардык санитардык чараларды сактоого көңүл бурууга чакырды.

Кыргызстанда 5-6-октябрдан кийин өкмөт башчылыкка келип, президенттик милдетти кошо аркалап жаткан Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда ишин убактылуу токтоткон. Натыйжада президенттин милдетин аткаруу парламенттин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG