Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Казакстан жыл башынан бери 11 миңден ашык кайрылманды кабыл алды


Казакстандагы кайрылмандар үчүн ачылган убактылуу жайлардын бири.
Казакстандагы кайрылмандар үчүн ачылган убактылуу жайлардын бири.

Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги быйыл тогуз айда 11,8 миң казак кайтып келип, кайрылман макамын алганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, алардын теңинен көбү (55,5%) Кытайдан келген. Калгандарын Өзбекстандан (28,8%), Түркмөнстандан (9,1%), Монголиядан (3,4%) жана башка мамлекеттерден кайткандар түзөт.

Ушул жылдын май айында өлкөдө миграция мыйзамдары өзгөргөн. Ага ылайык, тарыхый мекенине кайтып келгендерди мындан ары «оралман» (кайрылман) эмес, «кандаш» деп атоо тууралуу эреже кирген.

«Кандаш» деген макам алган казактарга Казакстандын жарандыгын берүү боюнча жол-жобо кыйла жеңилдейт.

Казакстанга эгемен алгандан бери, 1991-жылдан тартып 1,7 миллион казак кайтып келген.

XS
SM
MD
LG